Эртең, 27-февралда борбор калаанын эки районунда кайра шайлоо өтөт

Эртең, жекшембиде, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорунда Кыргызстандын Жогорку Кеңешине кайра шайлоо өтөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги добуш берүү үчүн зарыл болгон документтерди алдын ала алууга кам көрүү өтүнүчү менен шайлоочуларга кайрылды.

ID-картанын даярдыгы жөнүндө маалыматты portal.tunduk.kg мамлекеттик кызматтар порталынан же “Tunduk” мобилдик тиркемеси аркылуу, ошондой эле СӨМ чалуу борборунан 119 кыска номери боюнча алса болот (бардык байланыш операторлорунун чалуулары акысыз кабыл алынат).

 

Добавить комментарий