Эл өкүлү Зулушев менен Ташиевдин тиреши болорун болжолдоду

Жогорку Кеңештин депутаттарынын биринин айтымында, жакында Кыргызстандын эли Башкы прокурор менен УКМКнын башчысынын тирешине көз салып турат.

Бүгүн парламенттин депутаттары Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун карашты.

Депутат Балбак Түлөбаев коомчулукта жакын арада башкы прокурор Курманкул Зулушев менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин тиреши болорун билдирди. Бул тууралуу ал парламентарийлер Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун карап жатканда билдирди.

Анын айтымында, эки башкармалыктын жетекчилерин бири-бирине каршы коюп жатышат.

«Жакында Ташиев менен Зулушевдин тирешине күбө болобуз. Эсиңердеби, кечээ УКМКнын жарандардын сөзүн угалы деген сунушуна Башкы прокурор каршы чыккан. Азыр биздин кесиптешибиз Адахан Кимсанбаевичтин иши боюнча шашылыш түрдө кароону чечишти», – деди ал.

Ал ошондой эле ЖКнын төрагасына Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев бир кездери куугунтукка алынганын эскертти.

«Талант Турдуматович, саясий куугунтукту сиз да көрдүңүз, аларды Исхак Масалиев дагы, президент дагы, Камчыбек Ташиев дагы көрдү. Мындан сабак алабызбы же жокпу? Пандоранын кутусун ачпай эле коёлу, эртең ушуга башка бирөө туш болот. Садыр Нургожоевич, ишенбеңиз, сизди дагы башка жолго салып жатышат», – деп сөзүн жыйынтыктады.

Эске салсак, Мадумаров буга чейин бир нече жолу Башкы прокуратурага чакырылган. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө тилкеси айтылган протокол боюнча көрсөтмө берди.

Добавить комментарий