Эл өкүлү Нурбаев чиновниктерди смогко каршы күрөш жок деп урушту

Жогорку Кеңештин Эл депутаты чиновниктерге алардын милдеттерин эскертти. Тактап айтканда, алардын бири дагы Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 26-декабрындагы «Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомун ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө отчет бербегендигин айтты.

Бул токтомдун кабыл алынганына бир жыл болду, деп эскертти эл өкүлү Абдывахап Нурбаев (КСДП) 16-декабрда парламенттин отурумунда.

“Сиз өзүңүздүн жаныңыздагы команданы көрүп жатасыз, аларга “нөл” деген баа берилиши керек. Бир жылдын ичинде эч нерсе өзгөргөн жок. Аларды жумуштан алышыбыз керек. Кылмыш ишин ачуу керек болот”, – деди депутат вице-премьер-министр Равшан Сабировго кайрылып.

Дмоттон атып түшүрүлгөн Бишкектин үстүндө караңгы түтүн көрүнөт

 

Нурбаев айткандай, дем алуу органдарынын оорулары көбөйүүдө. “Алар күлүп-жайнап, [былтыйып] отурушат. Элден эч нерсе кыла албайм деп кечирим сурамак турсун, алар айлык алып отурушат. Элге ачык айткыла, апрелге чейин ал смог кала берет деп”, – деп мамлекеттик органдардын башчыларын урушту.

Маселени кароого вице-премьер-министр Равшан Сабиров, экономика министринин орун басары Элдар Алишеров, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Элдияр Шерипов, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев, Жылуулук электр борборунун, Мамэкотехинспекциянын жетекчилиги жана Бишкек шаарынын мэриясы чакырылган.

Добавить комментарий