Эл аралык укук коргоо уюмдары Темировдун бошотулушун талап кылууда

Эл аралык уюмдар журналист Болот Темировду камактан бошотуу талабын коюшту.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (IPHR), Норвегиялык Хельсинки комитети (NHC), Адам укуктары боюнча Хельсинки Фонду (HFHR) жана Жарандык укук коргоочулар (CRD) журналист Болот Темировго козголгон кылмыш иштеринин көптүгүн айыптап, бул иштердин саясий жүйөөсү бар деп эсептешет. Кайрылуу IPHR сайтында жарыяланды.

Анда бул айыптар Кыргызстандагы сөз эркиндигине олуттуу шек келтиргени жана Темировдун жогорку деңгээлдеги коррупция боюнча иликтөөсүнө ачык өч алуу максатында коюлганы айтылат.

«Биз Кыргызстандын бийлигин Болот Темировго коюлган айыптарды алып салууга жана анын мыйзамдуу журналисттик ишмердүүлүгүн коркутуу жана куугунтуксуз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырабыз», — деп айтылат уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө.

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк уюмунун директору Брижит Дюфурдун айтымында, Болот Темировго коюлган айыптардын мөөнөтү журналистти өлкөнүн күч түзүмдөрүндөгү коррупциянын бетин ачууга жасаган тайманбастыгы үчүн жазалоону көздөп жатканын ачык көрсөтүп турат. «Эл аралык коомчулук Темировдун гана эмес, Кыргызстандагы бардык көз карандысыз журналисттердин кызыкчылыгы үчүн кыргыз бийлиги бул саясий жүйөөлүү жана жазалоочу айыптарды дароо алып салышын талап кылышы керек», – деди ал.

Норвегиялык Хельсинки комитетинин башкы катчысынын милдетин аткаруучу Гуннар Экелеве-Слидал Темировго каршы кылмыш иштери коррупциялык иликтөөлөр жарыялангандан кийин дароо козголгону кокусунан эмес экенин, бул жогорку кызматтагы чиновник үчүн өтө ыңгайсыз экенин баса белгиледи.

Биз көрүп жаткан нерсе – уюшкан куугунтук кампаниясы. Буга эч кандай шектенүү болушу мүмкүн эмес.

Гуннар Экелеве-Слидал

“Болот Темировдун куугунтугу Кыргызстандагы сөз эркиндиги үчүн жаңы уятсыз этап болуп саналат. Бул эр жүрөк журналистти куугунтуктоо өлкөдөгү журналисттердин кеңири катмарын коркутуу максатын көздөп жатат”, – дейт Адам укуктары боюнча Хельсинки фондунун эл аралык программаларынын директору Ленур Керимов.

Андерс Петтерсон, CRDнин башкы аткаруучу директору, кыргыз бийлиги журналисттерди куугунтуктоо жана коркутуп-үркүтүүнүн бул тынчсыздандырган тенденциясын токтотуп, анын ордуна өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык сөз эркиндигин коргоп, көз карандысыз маалымат каражаттарын жана журналисттерди куугунтуктан коргошу керек деп билдирди.

Буга чейин журналистке төрт кылмыш иши козголгону маалымдалган. Болот Темиров муну УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерден утуп алганы боюнча соңку иликтөөлөр жана анын үй-бүлөсүнүн күйүүчү май бизнеси тууралуу материалдар менен байланыштырууда. 

Бишкек шаардык ИИББ иштин чоо-жайын иликтөө учурунда айыпталуучуга жаңы ачылган кылмыш фактылары белгилүү болгонун билдирди. Белгиленген фактылар боюнча объективдүү юридикалык баа берүү максатында Жазык кодексинин 379-беренеси “Документтерди жасалмалоо” жана 378-беренеси “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү” боюнча кылмыш иштери козголгон. 

Буга чейин январь айында Болот Темировго да баңгизат боюнча берене боюнча кылмыш иши козголгон. Андан соң милиция кызматкерлери спецназдын жоокерлеринин коштоосунда борбор калаадагы Temirov Live журналисттеринин кеңсесине келишти. Болот Темиров кармалып, Бишкек ШИИБге жеткирилди. Болот Темиров менен бирге анын кесиптеши Болот Назаров да кармалганы белгилүү болду. Экөө тең эч жакка кетпөө жөнүндө колкат менен бошотулган.

Добавить комментарий