Эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү боюнча божомолдор жок

Эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү маселеси каралууда. Бул тууралуу пресс-конференцияда премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, азыр айрым чет элдик компаниялар рейстерди калыбына келтирүү үчүн асманды ачууну суранып жатышат.

“Башында эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү күнү туура эмес аталып калган. Азыр айрым өлкөлөр аба каттамдарын ачууну суранып жатышат. Маселе каралууда. Жакынкы күндөрү биз ага кайтып келебиз, бардыгы Бишкектеги кырдаалга байланыштуу болот. Бирок асманды ачуу боюнча конкреттүү чечим жок“, – деди Кубатбек Боронов.

Добавить комментарий