Ирактын түндүгүндөгү Салах-эд-Дин провинциясында кечээ «Ислам мамлекети» террордук уюмунун тобу кол салган окуяда полициянын төрт кызматкери каза таап, бирөө жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Ислам мамлекети» террордук уюмунун мүчөлөрү кечээ (ишемби — ред.) Байжи шаарында нефтини кайтарып турган полиция пунктуна кол салган. Тартип сактоочулар чабуулга жооп кылып, белине жардыргыч байлап алган жан кечтини жок кылган. Окуядан полициянын төрт кызматкери каза тапты. Коопсуздук күчтөрү аталган районду текшерип жүргөндө бомба жарылып, бир офицер жаракат алды», — деп айтылат маалыматта.
2017-жылдын декабрь айында Ирак бийлиги аймакты 3,5 жылдык согуштан кийин «Ислам мамлекети» террордук уюмунан толук бошоткондугун айткан. Согушкерлер Ирак жеринин үчтөн бирин басып алган. Террорчулардын талкаланган отряддары бошотулган аймактарга маал-маалы менен жарылууларды уюштуруп келет.