ЕЭК Коллегиясынын Жетекчиси Мариповду кызматка дайындалышы менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Улукбек Мариповду жана КР жаңы өкмөтүн жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.

“Сиздин бай жетекчилик тажрыйбаңыз, ошондой эле эң күчтүү инсандык сапаттарыңыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ийгиликтүү жана натыйжалуу ишинин ачкычы болот, Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстердин өнүгүшүнө ишенимдүү таяныч болот деп ишенем. – Деп айтылат куттуктоо катта. – Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын атынан, Комиссия мындан ары Евразия экономикалык бирлигинин мүчөлөрүнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрө берет, анын ичинде Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин ишин даярдоонун жана жүргүзүүнүн алкагында, өнүгүп жаткан экономикалардын жана Бирлик өлкөлөрүнүн элдеринин жыргалчылыгын жогорулатуунун кызыкчылыгында иш алып барат деп ишендиргим келет”.

Добавить комментарий