ЕБ: Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн жагдайын объективдүү аныктоо керек

Европа Тышкы Иштер Кызматы № 47 түзөтүү колониясында өмүр бою эркинен ажыратылып жаткан Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн жагдайларын толук жана объективдүү аныктоо зарылдыгын билдирди.

Европа Бирлиги 2010-жылы камакка алынгандан бери укук коргоочунун сот ишине катышып келатат деп айтылат билдирүүдө.

“БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин 2016-жылкы корутундусунун негизинде биз соттук териштирүүгө карата өз позициябызды бир нече жолу билдирип, Аскаровду бошотууга чакырганбыз. Евробиримдик ден-соолугунун начарлап бараткандыгына байланыштуу кыргыз бийлигине тынчсыздануусун билдирди. Гуманитардык негизде бошотулууга чакырганына карабастан, Аскаров камакта каза болгон. Анын өлүмүнүн жагдайын жана анын өмүрүнүн акыркы айларында кандай шартта сакталгандыгын билүү өтө маанилүү”, – деди ЕБ.

Азимжан Аскаров 2010-жылы республиканын түштүгүндө июнь окуясында улут аралык кастыкты козуткан жана милиция кызматкерин өлтүргөн деп айыпталган. 2016-жылы БУУнун Адам укуктары боюнча комитети укук коргоочунун кыйноолордун курмандыгы деп тааныган, анын кылмыш ишиндеги бардык сот чечимдери адилетсиз болуп, аны бошотууну сунуш кылган. Бирок, Кыргызстан бул сунуштарды аткарган жок.

Добавить комментарий