Динара Кемелова ТИМ башчысынын орун басары болуп дайындалды

Кыргызстандын Кореядагы мурдагы элчиси Динара Кемелова Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды.

ТИМ басма сөз кызматы белгилегендей, Динара Кемелова 1993-жылдан бери ТИМ тутумунда эл аралык-укуктук бөлүмдүн үчүнчү катчысы кызматынан КР тышкы иштер министринин биринчи орун басарына чейин ар кандай кызматтарда иштеп келген. 

Акыркы иштеген жери – КРнын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.

КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы бар.

 

Добавить комментарий