Депутаттар коронавирустан коркуп, жумушка барбайт

Жогорку Кеңештин депутаттары пленардык отурумдун учурдагы күн тартибин бекитти. Бул тууралуу басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө кароого резонанс жараткан мыйзам долбоорлору жок.

Түштөн кийин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун 2019-жылга отчету күтүлүүдө.

Ибрахим Нуракун Уулу жыйын бөлмөсүнөн сүрөттөрдү жарыялады. Депутаттар коронавирустан коркуп, жумушка келбей жатышабы? Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева 91 депутат катталгандыгын маалымдаган. Сүрөттө залда 30 адам деле жок экени көрүнүп турат.

Алтынчы чакырылыштагы парламент бүгүн биринчи пленардык отурумун басма сөзсүз, радио жана телекөрсөтүү аркылуу түз эфирсиз өткөрөт. Коронавирусту жуктурган учурлар аныкталгандыгына байланыштуу депутаттардын жана Жогорку Кеңештин кызматкерлеринин Ак үйдүн имаратына кирүүсүнө жол берилбейт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу коронавируска чалдыккан, ооруканага жаткырылды. Калган басма сөз кызматынын кызматкерлери терс анализге ээ, алар обочолонуп жатат, ошондуктан онлайн режиминде берүүлөр жок.

 

 

Добавить комментарий