Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюлду

Кыргызстан менен Тажикстандын чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топтор Дүйшөмбү шаарында жолугушуп, анда мамлекеттик чек ара маселелери боюнча протоколго кол коюлду.

Кыргызстандын Министрлер Кабинетинин Басма сөз кызматы тараптардын макулдашуусуна ылайык, 13-майдан 17-майга чейин Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча КРнын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өткөндүгүн билдирди.

Тараптар дагы бир жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашышты.

Жолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнү такталды.

Акыркы чек ара жаңжалында 190 кыргызстандык жапа чегип, 36 адам каза болгон, анын ичинде балдар. Окуя болгон жерден 40 миңден ашуун адам эвакуацияланган.

Добавить комментарий