БШК “Бүтүн Кыргызстан” жана Социал-демократтар партияларынан талапкерлерди чыгарды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-сентябрдагы жыйынында Социал-демократтар саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен бир катар адамдарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Чыгарылды:

– Талиева Камилла Абдуразаковна (13);

– Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевич (34);

– Самиева Машхура Шавкатовна (41);

– Заитов Мамир Моминжанович (47)

Чечим Социал-демократтар саясий партиясынын талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө жазуу түрүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.

БШК 3 талапкерди “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинен чыгарды

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-сентябрдагы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен бир катар адамдарды чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.

Тизмеден чыгарылды:

– Мусаев Люшер Лажалович (19);

– Мамытов Нурлан Мамбетжанович (96);

– Абдысатаров Айтбек Абдысатарович (112).

Чечим талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясына берилген жазуу жүзүндөгү билдирүүнүн негизинде кабыл алынды.

Добавить комментарий