Боронов социалдык жоопкерчиликтин маанилүүлүгүн эскертти

Пандемия учурунда жарандардын социалдык жоопкерчилиги болуп көрбөгөндөй маанилүү. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди, деп маалымдайт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Ал белгилегендей, ар кандай түрдөгү пандемия орто жана ири кризистерден болуп эсептелет, анын натыйжалары көп жылдар бою таасирин тийгизип келет.

Анын айтымында, ушул себептен улам өкмөт бир катар тармактарда талыкпай иштей берет.

«Саламаттыкты сактоо тармагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматтары дагы интенсивдүү режимде иштейт. Азыркы учурда Өкмөт саламаттык сактоо системасынын материалдык-техникалык базасын жана инфраструктурасын өркүндөтүү боюнча бир топ иштерди аткарып жаткандыгын белгилей кетким келет. Бирок шашып жаткан жумушка байланыштуу кемчиликтер болбошу үчүн сапатка өзгөчө көңүл буруу керек! Азыр куруп жаткан ооруканалар, алынган жабдуулар жана шаймандар биздин өлкөгө узак жылдар бою кызмат кылышы керек», – деди Боронов.

Өкмөт башчы медициналык кызматкерлер профилактика, диагностика, дарылоо жана реабилитациялоо сыяктуу 4 маселеге өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Ар бир нерсе адамдын ден-соолугу үчүн өтө маанилүү.

Кубатбек Боронов мамлекеттик түзүмдөрдүн башчыларын өкмөттүн 11 артыкчылыгын жана тапшырмаларды жана чараларды өз убагында аткарууга үндөдү.

«Убакыт бизден бардык мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын күч-аракеттерин максималдуу бириктирүүнү, так жана координацияланган ишти, эң негизгиси – конкреттүү натыйжалуу натыйжаларды алууну талап кылат. Күн сайын, ар бир мүнөт маанилүү. Кээ бир мамлекеттерде коронавируска чалдыккандардын көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Биздин өлкөдө олрулуулардын саны азайган жок. Ошондуктан мен бардык жарандарга жана ишкерлерге кайрылам – ар бирибиз социалдык жоопкерчиликти өз мойнубузга алалы. Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чараларды түшүнүү менен мамиле кылууга чакырам. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо талап кылынат. Бул ооруну биргеликте гана жеңе алабыз», – деди министрлер кабинетинин башчысы.

Добавить комментарий