Борбордук шайлоо комиссиясы милиция кызматкерлери үчүн тренинг өткөрдү

Нарандын милиция кызматкерлери атайын тренингке катышып, шайлоо жана үгүт өнөктүгүндө мыйзам бузууларга каршы күрөшүү ыкмалары жөнүндө маалымат алышты.

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, “Жарандык Платформа” КФ менен биргеликте, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Нарын шаарында укук коргоо, ички иштер органдары жана прокуратура кызматкерлери үчүн окуу семинарын өткөрүштү.

КР БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, КГОРдун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн бир күндүк окутуу семинарлары өткөрүлүп, ага милиция кызматкерлери жана прокуратура кызматкерлери катышууда.

Укук коргоо органдары үчүн тренинг 2021-жылдын 10-январына белгиленген КР Президентин шайлоодо шайлоочулардын паракорлугуна жана административдик ресурстун колдонулушуна каршы турууга багытталган. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы жана шайлоочуларды сатып алгандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө айтып беришти, ошондой эле алар шайлоо мыйзамдарынын ар кандай түрлөрүн жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартибин камтыган башка бир катар иштерди караштырышат.

Тренингде шайлоо учурунда мыйзам бузууларды квалификациялоо, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү, шайлоочулардын тизмесин түзүү процессинде, үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзамдуулукту камсыз кылуу, шайлоо күнү шайлоо участкаларында коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, тренингдин жүрүшүндө административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалангандыгы жана шайлоочуларга пара бергендиги үчүн жоопкерчиликти караган практикалык тапшырмаларды талдоо, ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузуунун ар кандай түрлөрүн жана юридикалык жоопкерчиликтин ченемдерин колдонуу тартибин камтыган бир катар башка иштер каралды.

Добавить комментарий