Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу иштеп чыгуучулардын штабынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында борбордун мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергеновдун куруучулардын штабынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар учурдагы турак жай куруу үчүн жер тилкелерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык легалдаштыруу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууга ошондой эле жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэр Азамат Сагындык уулу, район башчылары жана шаардын жана ага байланыштуу кызматтардын жетекчилери катышты.

Добавить комментарий