Бийликте коррупциялашкан аткаминерлердин жакындары орун жок

Депутат Тазабек Икрамов «Депутаттын статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды. Алар коомдук пикирге берилген.

Анын пикиринде, коррупциялашкан чиновниктердин балдарына жана туугандарына парламентте орун жок. Мыйзам долбоорунда Коррупциянын 319-беренеси боюнча соттолгон адамдардын гана эмес, алардын жакын туугандарынын парламенттик шайлоого катышуусуна тыюу салуу сунушталууда.

Ошондой эле, эл өкүлү депутаттыкка талапкерлердин чет өлкөдө банктык эсепке ээ болушуна тыюу салуу керек деп эсептейт.

Өзгөртүүлөр улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, улуттук экономикага инвестицияланган каражаттарды кеңейтүү жана коррупцияга каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында киргизилгендиги айтылат.

Добавить комментарий