Батукаевдин иши: тергөө менен кызматташкандардын баш коргоо чарасы узартылды

Биринчи май райондук соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна шектелгендердин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн узартты.

Тагыраак айтканда, тергөө менен кызматташууга макулдашып үй камагына чыгарылган фигуранттар 2020-жылдын 28-февралына чейин калтырылды.

Алар мурдагы баш прокурор Аида Салянова, УКМКнын экс-төрагасы Шамил Атаханов, мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын экс-төрагасы, азыркы ЖК депутаты Зарылбек Рысалиев жана башка бир нече аткаминерлер. Арасында өкмөттүн аппаратынын, прокуратуранын, тергөө абагынын кызматкерлери, гематолог, онкологдор да бар.

Батукаевдин иши

Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандык уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен.

2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган.

Добавить комментарий