Атамбаев ордунан туруп кетип калды: адвокат УКМКдагы сот тууралуу айтты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратындагы сот өткөн жер абдан тар экенин айтты.

Слесарев ишти Биринчи май райондук сотунун имаратында өткөрүүнү суранганын, бирок судья андан баш тартканын журналисттерге билдирди.

«Сот өткөн жер медициналык, санитардык нормалардан мурда да адамдык нормага жатпайт. Аянты 12-15 чарчы метр болгон бөлмөнү элестеткиле. Ал жерде 18 киши отурат. Эгер ал жерди киши башына бөлө турган болсок, бир кишиге бир метр жер да жетпейт. Эгер желек менен гербди коюп койсо эле бул жер сот өтө турчу жай болуп калбай турганын сотко айттым», — деди ал.

Адвокат сот ишин Атамбаевдин катышуусуз өткөрүүнү суранганын, бирок сот андан дагы баш тартканда мурдагы президент ордунан туруп кетип калганын кошумчалады.

Ошентип сот иши УКМКнын имаратында кайрадан саат 14:00гө дайындалды.

Добавить комментарий