Араван районунун акимине таштандылар жаткан жер үчүн сөгүш жарыяланды

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак үйлөрдүн ортосундагы таштанды жайга көңүл бурбагандыктан, Араван районунун акими премьер-министр Улукбек Мариповдон сөгүш алды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин башчысы Ош облусуна иш сапары менен барган. Жергиликтүү тургундардын бири көйгөйлөр жөнүндө, айрыкча үйлөрдүн ортосунда пайда болгон таштанды таштоочу жай жөнүндө айтып берди. Анын айтымында, жергиликтүү бийлик келип түшкөн арыздарга көңүл бурбайт.

Марипов көйгөйгө жеке ынанып, акимге аракетсиздиги үчүн сөгүш жарыялоону тапшырды.

“Турак жай көчөлөрүнүн ортосунда өзүнөн-өзү таштанды төгүлүшүнө жол берсе болобу?! Бул жерде адамдар жашашат, балдар ойношот, улгайган адамдар басышат жана таштандыдан чыккан жагымсыз жытты дем алышат. Райондук аким жана башка жооптуу жетекчилер өзүлөрү ошол жерде жашап көрүшү керек. Таштанды чыгаруу бир күндүк маселе, эмне үчүн бир жылдан ашык убакыттан бери суроо чечилбей келет?”, – деп премьер-министр ачууланып, бир күндүн ичинде аймакты тазалоону буйруду.

Буга чейин Марипов чыныгы абал менен таанышуу үчүн ар кандай объектилерди текшерүү менен эскертүүсүз келем деп убада кылган.

Добавить комментарий