Алтынбек Жунус уулу: Депутаттар көп болушу керек жана алар аз артыкчылыктарга ээ болушу керек

Жогорку Кенештин депутаттарынын санын кыскартуу бир депутат чече албайт, бул Кыргызстандын эли тарабынан кабыл алынуучу чечим, деди депутат Алтынбек Жунус уулу ( «Өнүгүү-Прогресс»), 2-март күндун Ала-Тоо аянтындагы митингчилер парламентти таркатуу талабы боюнча жооп билдирип.

 

Негизги талаптардын бири ЖК  экс-депутаты Садыр Жапаровду актоо жана бошотуу болгон.

«Мен депутаттардын санын кыскартууга каршымын. Алардын санын 200 көбөйтүп жана аларга бардык артыкчылыктарды алып салуу керек. Парламенттеги эл өкүлдөрү азыраак болгон сайын, ошончо өкмөт көбүрөөк туура эмес нерселерди кабыл алуушу жогорулат. Өкмөтко депутаттардын аз саны менен сүйлөшүүгө женил болот. Депутаттар элдин чыныгы өкүлү болуп саналгандыктан, эмгек акысын кыскартыш керек жана алар 3 жылда бир кайрадан шайланышы керек. Ошондой эле кесип үчүн ченемдер болушу керек. Мен системанын реформасына, бирок сандын кыскартуусуна каршымын», — деп депутат оз пикирин билдирди.

Алтынбек Жунус уулу митинг туурулуу чокулуштарды коомдук тармактар ​​аркылуу караганын билдирип кетти.

«Эл тынч митингге чогулууга укугу бар, бирок массалык тартип бузуулар болбошу керек. Элдин тынч чогулушка чыгуусун, алардын көз-караштарын билдиришин, белгиленген убакта жолугушууну аяктап, андан кийин бардык таштандыларды тазалоону камсыз кылуу кекрек», — деди ал.

Добавить комментарий