Алты киши ооруканага түштү. Чек ара чатагында жаракат алгандардын абалы кандай?

8-декабрь күнү, саат 12.30дар чамасында Баткен облустук бириккен ооруканасына кыргыз-тажик чек арасында ок атылган маалда жабыркаган алты адам түштү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, алты кишинин төртөө аскерлер, экөө жөнөкөй жаран.

«Бир жай жаран менен бир аскерге ок тийген. Калгандары башынан жаракат алып, мээлери чайкалыптыр. Баарынын абалы канааттандырарлык», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул тапта жабыркагандар текшерүүдөн өтүп жатат. Бирок ок тийген жоокердин операцияга даярдалып жатканы айтылды.

Өзбек чек арачылары. Архивдик сүрөт

17-декабрда коңшу мамлекеттин жарандары делген кишилер Көк-Таш айылына бараткан жолдо, чек арага жакын жерден кыргызстандык кишини сабап кеткен. Жабыркаган адам Баткен облустук ооруканасына жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бүгүн, 18-декабрда, эртең менен саат 9:30дар чамасында Көк-Таш айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары кер-мур айтыша кетип, ал жаңжалга чейин жеткен. Эки мамлекеттин тийиштүү органдары чогулуп, көйгөйдү жөнгө салуу боюнча жолугушуу өткөрүп жаткан маалда тажик тараптагылар таш ыргытып, ок чыгарган. Анда бир милиция кызматкерине ок тийген. Кийинки сүйлөшүүлөр маалында дагы ок атылып, беш адамдын жабыркаганы айтылган.

Добавить комментарий