Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравия Падышалыгына расмий сапарынын алкагында, бүгүн, 16-декабрда, Эр-Рияд шаарында бир катар документтерге кол коюлду.
Жээнбеков падыша Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен жолуккан.
Кол коюлган документтер:
Кыргызстандын өкмөтү менен Сауд Аравия Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы жарандык коргоо жана коргонуу тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;
Кыргызстандын өкмөтү менен Сауд Аравиясынын өкмөтүнүн ортосундагы спорт чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу;
КР өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Сауд Аравиясынын Айыл чарба, айлана-чөйрө жана суу ресурстары министрлигинин ортосундагы айыл чарба азык-түлүктөрүнүн ветеринардык коопсуздугу боюнча кызматташуу жөнүндө;
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Сауд Аравиясынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө;
Кыргызстандын Социалдык фонду менен Сауд Аравиясынын Мамлекеттик пенсиялык агенттигинин ортосундагы пенсиялык камсыздоо чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;
Кыргызстан менен Сауд өнүктүрүү фондусунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы — Каракол — Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашуу.