АКШнын Мамлекеттик департаменти КРдагы адам укуктарынын сакталышына тынчсыздануусун билдирди

АКШнын Мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы адам укуктарынын бузулушуна тынчсыздануусун билдирди.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 31-мартта билдиргендей, быйылкы отчетто кыргыз өкмөтүнүн адам укуктарын коргоо жаатындагы иш-аракеттери тынчсызданууну жаратат.

Мамлекеттик департамент төмөнкүлөрдү олуттуу кооптонууларга байланыштырды:

– белгилүү саясий туткун Азимжан Аскаров БУУнун бошотууга чакырганына карабастан, түрмөдө каза болгону;

– Кыргыз Республикасынын качкындарды кайтарып бербөө боюнча милдеттенмелерине каршы келип, өзбек журналистин кыйноо жана андан кийин болжолдонгон экстрадициялоо;

– улутчул топтордун жарандык коомдун өкүлдөрүнө карата жазасыз кол салуулары;

– коопсуздук кызматы тарабынан жарандык коомду жана жалпыга маалымдоо каражаттарын куугунтуктоо;

– коопсуздук кызматы тарабынан билдирилген кыйноолор үчүн жоопкерчиликтин жоктугу.

АКШ өкмөтү Кыргыз өкмөтүн Адам укуктары боюнча отчетто баяндалган окуяларды иликтөөгө жана ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн натыйжалуу чараларды көрүүгө чакырат.

Отчеттун жарыялангандыгын белгилеген АКШнын элчиси Дональд Лу жаңы өкмөт терс тенденцияны жоюу боюнча чараларды көрөт деп үмүттөндү.

Добавить комментарий