АКШда «коронавирустук кечелерди» уюштуруп жатышат, анда жуккан адамдар ден-соолугу чың адамдар менен сүйлөшөт, деп жазат Tech Times. Макаланы ИноСми которгон.
Автор адамдардын көңүл ачуу жана эң негизгиси – Covid-19 менен ооруп калышын каалагандыгын жазган. Ошентип, алар тезинен иммунитетке ээ болуу үчүн, инфекцияны жуктурат деп үмүттөнүшөт.
Мындай кечелерге чакырылгандардын арасында коронавирустук инфекцияны алып жүрүүчүлөр бар экендиги айтылууда. Башка коноктор алар менен маектешишет.
Басылма ушул кечелерге катышкан 20 жакын кишинин экөө коронавирус тестинин оң натыйжаларын алгандыгын жазат. Ооруканага жаткырылбоо чечимин кабыл алышты, анткени бейтаптарда оорунун күчтүү белгилери байкалган жок.
Ошол эле учурда, илимпоздор оорулуунун денесинде антителолордун өндүрүлүп, организмди кайрадан жугуштуу оорудан коргой тургандыгы жөнүндө эч кандай далил жок экендигин билдиришти.