АКШ Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экендигин жарыялады

Бүгүн, КР Президенти Садыр Жапаров Кошмо Штаттарынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дональд Луну биздин өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров бүгүн АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө жардам бергендиги үчүн америкалык тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров Дональд Луну Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысынын кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызмат ордуна эки тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн өзүнүн билимин жана тажрыйбасын колдоноруна ишенерин билдирди.

АКШнын элчиси белгилегендей, азыркы оор учурда Америка тарап үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр: гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөш жана демократиялык кайра түзүүлөр.

Ошол эле учурда ал калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттерине каршы күрөшүү жаатында кызматташтыкты орнотууга даяр экендигин билдирди.

Добавить комментарий