Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду ага коюлган бардык айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, айып салып, сот залынан бошотту. Эми экс-мэр 5 миллион сом төлөшү керек.
Сот жыйыны аяктагандан кийин Кулматовду тарапташтары колго көтөрүп чыгышты. Видеодон Кулматовдун келбети бир кыйла өзгөргөнүн көрүүгө болот.
2018-жылы июнь айында Кулматов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилген. Ал Калыс-Ордо конушуна мектеп куруудагы коррупциялык аракеттер боюнча айыпталган. Тергөөнүн билдиришинче, мамлекетке келтирилген чыгым 94 миллион 864 миң 180 сомду түзгөн. Мамлекеттик айыптоочу калаанын мурдагы мэрин 15 жылга эркинен ажыратууну талап кылган.Кулматовдон тышкары мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Сталбек Өмүркулов, «Альта Групп» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Кубат Шаршекеев жана «Айкол-Строй» подрядчы фирмасынын мурдагы директору Сеиткан Алиев дагы айыпталган. Алардын бардыгы айып төлөй турган болуп, сот залынан бошотулду.