Иранга каршы санкциядан буйтачулар көбөйдү

Бул системаны быйыл жыл башында Франция, Германия жана Британия чогуу түзгөн жана анын башкы максаты ириде Иран элине колдоо көрсөтүү болорун билдирген. Вашингтон бул ыкмага караманча каршы чыгып келет.

INSTEX төлөм ыкмасына 1-декабрдан тарта Белгия, Дания, Финляндия, Нидерланд, Норвегия жана Швеция да кошулду. Бул тууралуу Франция, Германия жана Британия биргелешкен кайрылуу жасашты.

Бул система АКШнын Иранга каршы санкциясын кыйгап өтүп, Тегеран менен соода-сатык жүргүзүүгө жол берет. Тактап айтканда, кара май, азык-түлүк, дары-дармек сатуу жана сатып алуу алмашуу ыкмасы аркылуу ишке ашат.

INSTEX системасын Париж, Берлин жана Лондон быйыл жыл башында чогуу түзүшкөн жана башында Иран элин колдоо үчүн гуманитардык багытта пайдаланары айтылган. АКШ бул системага караманча каршы болуп жүрөт.

Саудия Иранга сөөмөйүн кезеди
Анткен менен Иран парламентинин төрагасы Али Ларижани 1-декабрда бул системанын натыйжалуулугунан күмөн санады.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси Ирандын өзөктүк программасын чектеген, дүйнөлүк алты державанын ортосунда 2015-жылы түзүлгөн келишимден былтыр АКШ чыгып кеткенден бери чыңалып жатат. Вашингтон ошондон тартып Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган болчу.

Быйыл жайында АКШ президенти Дональд Трамп Иранга, анын ичинде жогорку лидер аятолла Али Хаменеиге «катаал санкция» салган буйрукка кол койгон. Андан сырткары санкциялар тизмесине Ислам революциясынын сакчылар корпусунун сегиз жогорку аскер кызматкери да киргизилген.

Дональд Трамп Вашингтон Иран өзүнүн кооптуу аракеттерин, анын ичинде өзөктүк курал ишмердигин, баллистикалык ракета жасашын жана терроризмди колдоосун токтотмоюнча басым көрсөтүү уланта берерин билдирген.

– Аятолла Хаменеинин жана анын администрациясынын активдери санкциялардан четте калбайт. Бул чаралар катаал жана Ирандын чагымчыл аракеттерине ылайык жооп болот. Биз бул режим өзүнүн коркунучтуу ишмердигин, анын ичинде өзөктүк куралга байланышкан аракетин токтотмоюнча Тегеранга басым кылууну уланта беребиз. Иран өзөктүк куралга ээ болбойт. Ошондой эле биз анын терроризмди колдоосун тезинен токтотушун каалайбыз. Алар терроризмди буга чейин эч ким көрбөгөн деңгээлде колдоп жатат, – деген АКШнын президенти.

Ирандын президенти Хасан Роухани быйыл сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, Иран «санкциялардын басымы турганда өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүлөргө барбайт» деп билдирген. Ал ошондой эле АКШны «ырайымсыз экономикалык терроризм» үчүн да айыптаган:

– Биз басым алдында сүйлөшүүгө барбайбыз. Ирандын бийлиги тарыхтагы эң катаал санкцияларды колдонуп жатышканын ырастагандар менен сүйлөшүүгө бара албайт.

АКШ менен Ирандын ортосундагы мамиленин курчушуна 14-сентябрда Сауд Арабиясындагы мунай заводдоруна коюлган террордук чабуулдар себеп болгон. АКШ жана Батыш Европа бул үчүн Иранды күнөөлөп жатат.

Мунай заводдорундагы жардыруунун жоопкерчилигин Иран колдогон йемендик хусит шииттери моюнга алышкан.

Өткөн айдын башынан тартып Иран Фордодогу өзөктүк заводундагы центрифугаларга газ бере баштаган. Анын артынан уран байытууга киришерин билдирген. Муну менен өлкө 2015-жылкы эл аралык келишимде өзүнө алган дагы бир милдеттенмеден баш тарткан.

Эскертүү! «Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Добавить комментарий