КРда көрүнүктүү саясий ишмер, Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчү атасы Жусуп Абдрахманов жөнүндө көркөм тасма тартуу пландаштырылууда
Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановго арналган көркөм фильмдин мыкты сценарийине сынак жарыялаганын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин быйыл мамлекеттик деңгээлде Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган иш-чаралар өтөрү маалымдалган. Көрүнүктүү саясий ишмер жөнүндө көркөм тасма тартуу, ага көзү өткөндөн кийин “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүү, КРПМБАга анын ысымын ыйгаруу жана башка бир катар иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.
«Сынактын максаты — кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын калыптанышына кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды тарбиялоо, патриоттук идеяларды жана маданий баалуулуктарды жайылтуу», — деп айтылат кайрылууда.
Табыштамалар (сценарийлер) 15-октябрга чейин кабыл алынып, 15-ноябрга чейин атайын комиссия жеңүүчүнү аныктап, акчалай сыйлыкка ээ болот, анын суммасы азырынча айтыла элек.
Тандалган сценарийлерге автордук укук Маданият министрлигине өткөрүлүп берилгендиги белгиленди.
Көркөм фильмдин сценарийинде оригиналдуу сюжет жана сюжеттик линиялардын логикалык өнүгүшү болуш керек. Конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө жана баңгизатты үгүттөөгө эч кандай чакырык болбошу керек. Мындан тышкары, порнографиялык көрүнүштөр болбошу керек.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 28-декабрда туулган. Ал эгемендүүлүк идеясын ишке ашыруу үчүн күрөшкөн Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири деп эсептелет. Ал 26 жашында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы болгон.
Абдрахманов Иосиф Сталинге Кыргызстанга союздук республика статусун берүү маселесин эки жолу көтөргөн. Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин башчысы болуп, ал дан эгиндерин сатып алуунун жогорку пландарын аткаруудан баш тарткан, ошонун аркасында ал өз элине, ошондой эле башка союздук республикалардан, тактап айтканда, Казакстандан келген качкындарга ачкачылыкка жол берген эмес. Ал 1938-жылы репрессияланган, бирок 20 жылдан кийин ал реабилитацияланган.