Жумалык статистика: Коменданттык сааттын бузулушу

2020-жылдын 25-мартынан 1-апрелине чейин Бишкек шаарында 1 миң 76 адам коменданттык саатты бузгандыгы үчүн кармалган. Бул тууралуу бүгүн брифингде борбор калаанын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, 931 эркек жана 145 аял коменданттык саат режимин бузушкан. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында 32 жол тосмосу жана 76 көчмө карантиндик-санитардык посттор орнотулган.

«Шаардагы тартипти 3 миңден ашык полиция кызматкери жана Башкы штабдын мүчөлөрү камсыз кылууда. Комендант мэрияга, саламаттыкты сактоо бөлүмүнө жана башка кызматтарга бардык керектүү көрсөтмөлөрдү берди. Дезинфекция жана калк арасында үгүт иштери жүргүзүлүүдө», — деди Алмаз Орозалиев.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 116 коронавирус фактысы тастыкталды. Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Сүй райондорунун аймагында, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат киргизилген.

Добавить комментарий