Жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Жаңы жугуштуу оорулар ооруканасынын имараты курулуп бүттү.

90 орундуу үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы блогун реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Алардын айтымында, оорукана жылуулук жана керектүү медициналык шаймандар менен камсыздалган. 3 жасалма өпкө желдетүүчү шайманы, 60 кычкылтек концентратору орнотулду.

«Жугуштуу оорулар ооруканасынын жаңы блогу бейтаптарды 2020-жылдын 7-октябрынан баштап зарылчылыкка жараша жаткырат. Учурда 63 бейтап ооруканада дарыланууда», – деп айтылат билдирүүдө.

Жалпысынан облуста коронавирусу менен ооругандар үчүн 538 керебет даярдалган.

Добавить комментарий