“ЖМК жөнүндө” мыйзам: долбоорду аягына чыгарууга медиа эксперттери, юристтер жана президенттик администрация биргелешип катышат

Кыргызстандын президентинин администрациясы атайын жумушчу топ түзүп, ал “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, жыйынтыктайт.

Бүгүн, 15-ноябрда “Сөз эркиндиги жана пикир билдирүү эркиндиги: мыйзам чыгаруу демилгелери” аттуу тегерек столдун алкагында журналисттер, юристтер, медиа эксперттер жана Президенттин администрациясынын өкүлдөрү жумушчу топ түзүп, «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзамдын долбоорун чогуу иштеп чыгышат деген чечим кабыл алынды.

Тегерек столдо президенттик аппарат сунуштаган мыйзам долбоору талкууланды.

Бир нече уюмдардын юристтери сунушталып жаткан медиа мыйзамын талдап чыгып, ал Конституцияга да, Кыргызстан кол койгон көптөгөн эл аралык документтерге да каршы келерин айтышкан. Мыйзамда сөз жана сөз эркиндигине таасир эте турган бир катар так эместиктер да бар.

БУУ, Евробиримдик сыяктуу эл аралык уюмдар да өлкөдө демократияны өнүктүрүү, сөз эркиндигин сактоо боюнча бардык сунуштарды жана каалоолорду эске алуу менен биргелешкен долбоор иштеп чыгууну сунушташты.

Эске салсак, президенттин администрациясы тарабынан «ЖМК жөнүндө» жаңы мыйзам демилгеленген, анда жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктарын чектеген, тыюу салуулардын бүдөмүк сөздөрү камтылган, аларды сактабоо жалпыга маалымдоо каражаттарынын жоюлушуна алып келет.

КР Президентинин Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Марат Укушев медиа коомчулуктун сунуштарын кароого даяр экенин жана жалпысынан мыйзам долбоорунун жарыяланган вариантын тактоо зарылдыгын билдирди.

Мындан тышкары, Акыйкатчы институтунун демилгеси менен “ЖМК жөнүндө” мыйзам долбоору кылдат талдоо жана сунуштоо үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүлөт.

Добавить комментарий