ЖК депутаттары КРдагы көмүскө экономикага каршы күрөшүү боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактырышты

Жогорку Кеңештин 16-марттагы жалпы жыйынында депутаттар Салык кодексине өзгөртүү киргизүүнү үч окуудан кийин жактырышты. Мыйзам долбоорунда жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомго чейинки субъекттерди салык төлөөдөн бошотуу боюнча да жоболор камтылган.

Мыйзам долбоору тууралуу маалыматты КР Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Төлөнов билдирди.

Мыйзам долбоорунда камтылган өзгөртүүлөр салык мыйзамдарын заманбап экономикалык шарттарга ылайыкташтыруу, салык процедураларын санариптештирүү, бизнес жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүүгө жана көмүскө экономиканы кыскартууга багытталган.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн кошпогондо (тарифтердин колдонуудагы ставкаларын сактоо менен) жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомго чейинки калкка товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирип берүүчү субъекттерди бардык салыктарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө жобо камтылгандыгын белгилей кетүү керек. Бул реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды берүү функциясы менен контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) жана электрондук эсеп-фактуралардын маалыматтык системасын милдеттүү түрдө колдонуу шартында патенттик салык салуу системасын оптималдаштыруунун эсебинен жетишилди.

Добавить комментарий