MANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.newsMANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.news

Кириш
MANAS - КЫРГЫЗСТАН КАБАРЛАРЫ
БЛОГДОРБЛОГДОРКирүү
  • АУА РАЙЫ
  • Байланыш
  • Биз жөнүндө

MANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.newsMANAS - Кыргызстандын бүгүнкү күндүн акыркы кабарлары - manas.news

  • КЫРГЫЗСТАН
  • МААНИЛYY КАБАРЛАР
  • КООМ
  • КЫРСЫКТАР
  • Дүйнөдө
  • ПОЛИТИКА
  • Инфографика
  • ЭКОНОМИКА
  • АНАЛИТИКА
  • БЛОГДОР
  • Биз жөнүндө
  • Кирүү
  • КАТТООГО КИРГИЗҮҮ
RU
11 мая 17:30 / Опубликовано в КООМ

ЖК депутаттары Казакстанга сугат суусун тосууну сунуштап жатышат

КР чек арасында Казакстандын койгон тоскоолдуктарынын кесепети сугат суусунун токтоп калышына алып келиши мүмкүн

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Арсланбек Малиев Казакстанга таасир этүүнү сунуштап жатышат. Тактап айтканда, чек арадан товар өткөрүүдөгү көйгөйлөрдөн улам Казакстанга сугат суусун берүүнү токтотуу.

Марлен Маматалиев жүк ташуу маселеси буга чейин Евразиялык экономикалык биримдиктин эмес, эки мамлекеттин көйгөйүнө айланганын айтты.

“ЕАЭБ чечим кабыл алды, Россия дагы тоскоолдук жаратуунун кажети жок деп билдирди… Ар кандай тоскоолдуктарды көрүп жатабыз. Казакстандагы чиновниктер Кытайдан келген товарларды өздөрүнүн чек арасы аркылуу өткөрүүнү каалайт. Мындай учурда аларга суу бербегиле — тосуп салгыла. Жок дегенде бир аз мүнөз көрсөтүү керек”, — деди парламентарий.

Анын кесиптеши Арсланбек Малиев сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай жатканын, андыктан эртеңден баштап сууну өчүрүү керектигин кошумчалады.

«Казак бир туугандар бизди түшүнбөйт окшойт. Биз өзүбүзгө топтобой, жазында аларга суу беребиз. Мен эртеңден тарта кабминден сууну токтотууну талап кылам. Ошентип, маселе чечилет. Фуралар чек арадан токтобостон өтөт», — деп баса белгиледи депутат.

21-апрелде КР менен РК бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнөн кийин кыргыз-казак чек арасында өтүү үчүн кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны кыйла кыскарганын УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Буга чейин КР биринчи вице-премьер-министри Арзыбек Кожошев менен РК вице-премьер-министри Бахыт Султанов чек арадагы кырдаал боюнча бир катар макулдашууларга жетишкен. Бирок 6-майда Казакстан аткезчиликке каршы күрөштү шылтоолоп, мамлекеттик чек аралардагы көзөмөлдү дагы бир жолу күчөтүүнү чечкени белгилүү болду.

Эске салсак, 25-апрелде президент Садыр Жапаров Кыргызстан Казакстанга сууну «эл аралык нормалардын жана келишимдердин негизинде» берерин белгилеген.

Tagged under: депутат, ЖК, сугат суу, тосуу

Читать ещё

Фото: Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чек арачылардын маянасы көтөрүлө турганын жарыялады
 Кыргызстандын президенти чек арачыларга айлык акыны көтөрүүнү убада кылды
Кыргызстанда коронавирустан беш адам каза болду
Ош: тойлорду өткөрүүгө айып пул көбөйөт

Добавить комментарий Отменить ответ

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

  • КЫРГЫЗСТАН
  • МААНИЛYY КАБАРЛАР
  • КООМ
  • КЫРСЫКТАР
  • Дүйнөдө
  • ПОЛИТИКА
  • Инфографика
  • ЭКОНОМИКА
  • АНАЛИТИКА
  • БЛОГДОР
  • Биз жөнүндө
  • Кирүү
  • КАТТООГО КИРГИЗҮҮ

Manas.news - Кыргызстандын эн акыркы маанилүү жана кызыктуу кабарлардын көз карандысыз маалымат сайты. Биздин журналисттер командасы өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндо болуп жаткан учурдагы окуяларды окурманга тартуулайт. Manas.news менен сиздер Кыргызстандагы саясий, коомдук, кылмыш чөйрөсүндө ар дайым акыркы жанылыктарды билесинер. Ар дайым жана күн сайын!

TOP