Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргызстандын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров бош турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын имараттарын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына өткөрүү планын билдирди. Бул чечим ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана жаңы окуу жайларын түзүүгө багытталган.
Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери, район акимдери жана жогорку окуу жайлардын ректорлору катышкан жыйында Акылбек Жапаров медициналык мекемелерде электрондук каттоо жана кезек күтүүнүн жүрүшүн да талкуулады. Ошону менен бирге жетекчи экономикалык өнүгүүгө дем берүү жана өз профилдери бар кластерлерди түзүү үчүн административдик-аймактык реформанын маанилүүлүгүн белгиледи.
«Ар бир өнүккөн өлкө административдик-аймактык реформадан өттү. Бул масштабдуу процессуалдык экономиканын өнүгүшүнө алып келет. Аймактарды экономикалык жактан бириктирүү профилдик кластердик багыттарды түзөт. Бирок бул бир гана административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт дегенди билдирбейт жана ушуну менен аталган иш жыйынтыкталат. Өйдө-ылдый болот. Кырдаал начарлаган учурда кайрадан административдик-аймактык реформалар жүргүзүлөт. Реформаларга баруу үчүн санариптик чечимдерди күчөтүү, ТӨМдүн негизги максаттарына жетүү сыяктуу бир катар иштер жүргүзүлөт», – деп баса белгиледи ал.
Мындан тышкары, Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик башчыларына жергиликтүү бюджетти көбөйтүү, фискалдык механизмдерди киргизүү, инвестиция тартуу жана жумуш орундарын көбөйтүү боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, 22-26-январь күндөрү жергиликтүү бийлик башчылары өткөн жылдын жыйынтыгын, 2024-жылга пландарын талкуулап, окуу семинарларына катышууда. Жакынкы күндөрү аларга каржы-экономикалык маселелер боюнча маалымат берилет.