Бүгүн, 25-мартта Кыргызстанда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги уюштурган “Жаштар жана коопсуздук” аттуу бир айлык башталды. Форум Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын чоң жыйындар залында өтүүдө.
Форумда диний сабырдуулук, эрте никеге туруу, зордук-зомбулуктун алдын алуу, ошондой эле баңгиликтин жана радикализмдин алдын алуу сыяктуу маанилүү жана актуалдуу темалар каралат. Бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча ар кандай ведомстволордун, анын ичинде Ички иштер министрлиги, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин адистери баяндама жасап, сунуштарын беришет.
Форумдун уюштуруучулары жаштарды иш-чарага активдүү катышууга чакырат, анткени аларды тартуу коомдо позитивдүү өзгөрүүлөрдү жаратып, коопсуз жана толеранттуу чөйрөнү калыптандырууга өбөлгө түзөт.