Жасалма тамекини кайда кабарлоо керек. Номерлер

Салык кызматкерлери Бишкек шаарын тинтип, маркасы жок тамеки буюмдарын табышты.

201,7 миң сомго 685 таңгак тамеки жана акциздик маркасы жок электрондук тамеки алынды.

КР Мамлекеттик салык кызматы жасалма тамеки көргөн жарандардан бул тууралуу фискалдык органдарга билдирип коюуну өтүнөт.

Жергиликтүү салык органына кайрылып, 116 номерине чалып же WhatsApp-номерине (0779) 61-31-89 жазса болот.

Добавить комментарий