Жарыш жокко чыгарылган эмес, жөн гана коронавируска байланыштуу жылдырылды

Коронавирустун жайылып кетүү коркунучуна байланыштуу Кыргызстанда үч негизги жарыштын мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды, деп  коомдук бирикме Nomad спорт өкүлдөрү жана уюштуруучулары билдиришти.

Марафондор ушул жазында өткөрүлмөк болчу, бирок, өкмөт убактылуу маданий иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды.

«Бакай Банк Жаз Деми» жарышы май-июн айларына жылдырылды, «Ак илбирсти сактайбыз» эл аралык жарышы июн-июлга жана Toyboss Night Run түнку жарышы июл-авкустка жылдырылды.

Ошондой эле «Жаз тебүү» велоспорт турнири да жылдырылды. Ал 27-сентябрда өтөт жана “Кузгу тебүү” деп атала турган болду.

 

Добавить комментарий