«Жарманке-базар-барахолка»: ушул дем алыш күндөрү Бишкекте сүрөт көргөзмөсү ачылат

Кыргызстандын борборунда белгилүү замандаштардын эмгектери коюлган жайма базар ачылууда. Ар бир келүүчү өзүнө жаккан сүрөтчүлөрдүн картинасын сатып ала алат.

Ачык искусство жарманкеси 5 жана 6-ноябрда Бишкектеги “705 театрында” өтөт, деп билдирет Kaktus.media.

Уюштуруучулардын айтымында, “жармаңке-базар-барахолкагп” келгендер заманбап искусствонун өкүлдөрү Умида Ахметова, Елена Воробьева, Улан Жапаров, Сауле Дүйсенбина, Фатима Омир, Евгений Макшаков, Дмитрий Петровский, Медер Ахметовдун, Малика Умарова, Дарина Манасбек жана башка Бишкек, Алматы, Ташкент шаарларынан келген артисттердин эмгектерин сатып ала алышат. 

«Бул сүрөтчүлөрдүн көбүнүн эмгектери дүйнө жүзү боюнча музей коллекцияларында же заманбап искусство сүйүүчүлөрүнүн жеке коллекциясынын өзгөчө бөлүгү болуп саналат», — деп айтылат билдирүүдө.

Жарманкеден эмгектерди сатып алуу (авторлор менен баарлашуу) менен искусство сүйүүчүлөр сентябрь айында инсульт болгон сүрөтчү Чыңгыз Айдаровго жардам беришет.

Көргөзмө Бөкөнбаев көчөсү, 149 (Исанов көчөсүнөн кире бериш) дареги боюнча саат 14:00дөн 20:00гө чейин ачык болот.

Добавить комментарий