Жапаров илимпоздорду кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда илим күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкө илимпоздоруна куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Садыр Жапаровдун куттуктоосунда:

Садыр Жапаров окумуштууларды жана илимпоздорду кесиптик майрамы менен куттуктады

“Урматтуу илим жаатындагы кызматкерлер!

Илимий жамаатты кесиптик майрамы – Илим күнү менен чын жүрөктөн куттуктоого уруксат этиңиз!

Бүгүнкү күндө мамлекеттин дүйнөдөгү абалы, экономикада, саламаттык сактоодо жана социалдык чөйрөдө ийгиликтер түздөн-түз илимий прогресстен, акыркы илимий натыйжалардан жана аларды иш жүзүндө колдонуудан көз каранды. Демек, негизги мамлекеттик приоритеттердин катарында жемиштүү инновациялык чөйрөнү калыптандыруу, келечектүү изилдөө иштерин, таланттуу жаштарды колдоо болуп саналат. Илим – бул негизги улуттук байлык, мамлекеттин экономикалык гүлдөп-өнүгүүсүнүн өзгөрүлгүс компоненти, өлкөнүн келечегинин кепилдиги деген түшүнүккө тезинен кайтып келүү керек.

Учурдагы татаал шарттарда, илимди сактап калууга жетишкен илим адамдарына, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын кызматкерлерине, жогорку окуу жайларына жана тармактык илимий мекемелерге сый-урмат көрсөтүү керек. Сиздин тандап алган ишиңизге, күнүмдүк ишиңизге, чыгармачыл энергияңызга жана эң жогорку натыйжалуулукка берилгендигиңиз үчүн жалпы илимий коомчулукка – академиктерге, илимдин докторлоруна жана кандидаттарына, аспиранттарга, илимий мекемелердин кызматкерлерине чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүп, өнүгүп жаткан мезгилине көз чаптырсак, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Жусуп Абрахманов, Исхак Раззаков сыяктуу легендарлуу саясий ишмерлер илим менен билимдин өнүгүшүнө көбүрөөк көңүл бурушкан. Бүгүнкү күндө биз заманбап глобалдык өзгөрүүлөрдү эске алып, көрүнүктүү инсандардан үлгү алышыбыз керек. Эгерде биз мамилебизди өзгөртүп, инновациялык жолго өтүү үчүн анын биргелешкен потенциалын жигердүү пайдаланып, өлкөдөгү бизнести жана өндүрүштү өнүктүрүүнүн эң маанилүү фактору катары илим деп эсептей баштасак, анда бул ата мекендик илимдин статусун өз деңгээлине жеткирүү үчүн алгачкы кадамдар болот.

Албетте, илимий кызматкерлердин жашоо жана эмгек шарттарын жакшыртуу, алардын татаал жана жооптуу ишмердүүлүгүнө татыктуу баа берүү жана стимулдаштыруу, илимий чөйрөнү мындан ары өнүктүрүүгө көңүл буруу жана кам көрүү биздин маанилүү милдеттерибиз бойдон кала берет.

Жыйынтыгында, дагы бир жолу өлкөнүн бардык илимпоздорун, ошондой эле илимий колдоо кызматкерлерин Илим күнү менен куттуктоого жана өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшү үчүн жаңы илимий жетишкендиктерди каалоого уруксат этиңиздер!»

Добавить комментарий