Мындан бир жыл мурун, 2022-жылдын сентябрында Владимир Путиндин буйругу менен Россияда жарым-жартылай мобилизация башталып, анын натыйжасында жүз миңдеген таптакыр даярдыгы жок адамдар армияга чакырылган. Кээде алардын аскердик даярдыгы үчүн 2 жума да бөлүнбөй калган. Армия командованиеси олуттуу жоготуулардан улам кадрлардын жетишсиздиги проблемасын чечүүнү жана тактикалык ийгиликтерге жетишүү менен фронттогу негизги бузулган аймактарды мүмкүн болушунча тезирээк жабууну максат кылган. Бирок иш жүзүндө баары РФ Коргоо министрлигинин жетекчилиги пландагандай болгон жок. Жарым-жартылай мобилизациялоонун натыйжасы аскер бөлүктөрүндө көп сандагы кесипкөй эмес жана сапатсыз кадрлардын пайда болушу болду, бул өз алдынча фронттогу көйгөйлөрдү чечпестен, аларды курчутуп жиберди.
Мобилизациялангандардын көбү мекенине кайтып келбейт: бир жыл мобилизация миңдеген орус эркектеринин өмүрүн кыйды. Conflict Intelligence Team (CIT) аналитикалык тобунун тергөөчүлөрү каза болгон мобилизацияланган ар бир бешинчи адам чакыруу алгандан кийин да эки ай жашабай турганын жана курман болгондордун жашы 19 жаштан 62 жашка чейин экенин аныкташкан. Мобилизация жарыялоо башталгандан берки өткөн жыл мобилизациялангандар үчүн эч кандай өзгөрүү болбогонун көрсөттү: алар согуш аракеттеринин эң ысык аймактарында колдонулган жана азыр да колдонулуп жатат. Командирлердин жийиркеничтүү мамилеси, түзүлбөгөн согуштук система, артиллериялык колдоонун жоктугу – мобилизациялангандардын бардык системалуу көйгөйлөрү чечилбей калган.
Бул адам фактору орус армиясындагы деградация процесстеринин катализатору болуп калды. Учурда орус армиясы кенже офицерлердин оор жоготууларынын фонунда батальондо, ротада жана взводдун деңгээлинде кармашты уюштурууда орчундуу көйгөйлөргө туш болууда. Бул батальондун/взводдун командирлеринин 80% чабуулду уюштуруу боюнча реалдуу тажрыйбасы мындай турсун, теориялык билими да жок экендиги менен байланыштуу. Кайра эле мунун баары теменку звенодон орто звеного чейин бөлүкчөлөргө кесипкөй офицерлердин жетишсиздигинен болуп жатат. Чынында, орус армиясы азыр мындай профессионалдуу эмес компонентке толуп калгандыктан, жакынкы бир нече жылда аскерлердеги офицердик жана сапаттуу ресурстарды калыбына келтирүү мүмкүн эмес.
Курамдын арасындагы катастрофалык жоготуулар орус бийликтери жана оккупациялык администрациялары Украинанын оккупацияланган аймактарында мажбурлап паспортташтыруу жана мобилизациялоо иштерин жүргүзүүгө аргасыз болгондугуна алып келди. Согушту изилдөө институтунун (ISW) маалыматы боюнча, оккупацияланган аймактарда Россия Федерациясынын паспортун алган украиналыктарды 1-октябрдан тарта согушка мобилизациялоо пландалууда. Кошумчалай кетсек, 2023-жылдын ичинде 100дөн ашык кубалык жаран орус армиясына чакырылган. Кубанын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Украинага каршы согушуна катышуу үчүн бул өлкөнүн жарандарын жалдаган делген орусиялык тармак аныкталганын билдирди. CIT аналитикалык тобу Россиянын Коргоо министрлиги Украинадагы фронттун эң татаал секторлорунда согушуп жаткан «Шторм Z» бөлүктөрүн тартип бузган жоокерлер үчүн жазалоочу батальондор катары кеңири колдоноорун билдирди. Бул бөлүктөр Сталин №227 буйрукка кол койгондон кийин түзүлгөн Экинчи Дүйнөлүк Согуштун штрафтык батальондору менен салыштырууга болот. Буйрукка ылайык тартип бузуучулар жиберилген жазалоочу батальондор гана түзүлбөстөн, артка чегингендерди атууга тийиш болгон аскерлердин ичиндеги тосмо отряддары да түзүлдү. Согуш талаасындагы ийгиликсиздиктин натыйжасында акыркы мезгилде орус армиясында дезертирлердин жана өз ыктыяры менен багынып берген туткундардын саны бир топ көбөйгөндүгү таң калыштуу эмес. Багынган аскер кызматкерлери мындай чечимин материалдык-техникалык жана каржылык камсыздоонун начардыгы жана мотивациянын төмөндүгү менен түшүндүрүшкөн.
Украинадагы согуштун бир жарым жылында орус армиясы миңдеген аскердик техникасын жоготкон. Эң укмуштуудай жоготуулар жөө аскерлердин согуштук машиналары жана танктары, анын ичинде эң заманбап Т-90 жана Т-90М танктары болгон. Согуш учурунда украин аскерлери орус авиациясын иш жүзүндө зыянсыздандырып, Киевдин жанындагы Гостомелге десанттын мизин кайтарган, Херсондун жанындагы аэродромдо ондон ашык тик учакты жок кылган жана абадан коргонуу системаларын эффективдүү колдонгон. Чындыгында өз флотуна ээ болбостон, Украина РФ Аскер-деңиз флотунун сегиз кемесин жок кылып, алты кемесин талкалай алды. Негизги курмандык Кара деңиз флотунун флагманы «Москва» крейсери болгон. Британ Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кара деңиз флоту олуттуу зыянга учураса да, ал дагы эле негизги милдеттерди – канаттуу ракеталык соккуларды жасоону жана аймакты күзөтүүнү аткарууга жөндөмдүү, бирок анын украин портторун блокадага алуу жана өзүнүн объектилерин коргоо мүмкүнчүлүгү байкаларлык түрдө төмөндөдү.
Украинадагы согуш Россияга чейин жетти. Дрондор жана ракеталар Россиянын аймактарынын, ал тургай Кремлдин үстүнөн атып түшүрүлүүдө. Жалпы мобилизациядан кийин ар бир орустун үйүнө согуш келет. Эч ким тынч диванда отура албайт, аткаминерлер да, жөнөкөй жарандар да.