Жалал-Абад облусунда мыйзамсыз ойноочу жайлардын тармагы токтотулду

КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеген мыйзамсыз оюн-зоок жайларынын тармагынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Ар бир мекеменин акча каражаттарынын ай сайын жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Мындан тышкары, бир күндө кассалардан мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 миң сомдон ашык акча табылган.

Ошентип, 2023-жылдын 17-мартында бир нече уюштуруучулар жана администраторлор кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында оюн автоматтарынын милдетин аткарган 40ка жакын компьютерлер алынган. Ошондой эле, 30 зыяратчы кармалып, аларга мекемелердин мыйзамсыз иштери боюнча профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлдү.

Учурда салыктык текшерүүлөр жана тиешелүү экспертизалар жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, көмүскө оюн жайлары менен байланышы бар жана аларга колдоо көрсөтүүгө тиешеси бар укук коргоо органдарынын кызматкерлерин аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу аракеттери жүрүп жатат.

Добавить комментарий