Замир Жоошев: Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы канааттандырарлык эмес

Алмазбек Атамбаевди текшерүүдөн кийин Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлери КР экс-президентине кошумча дарылануу зарылдыгы тууралуу бирдиктүү жыйынтыкка келишти, деп жазат адвокат Замир Жоошев Фейсбукта.

Бүгүн Алмазбек Шаршенович менен 27-колониядан тааныштым. Абалы жакшы эмес. «Адам өзү бийликтен анын айыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү суранбаса да, мамлекет ага мүмкүнчүлүк бериши керек», — дейт Замир Жоошев.

Алмазбек Атамбаев 25-майда No27 колониядан Республикалык кардиология жана терапия борборуна которулуп, ооруканада дарыланган.

2013-жылы ага кримавторитет Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу айып тагылып, 2020-жылы июнь айында 11 жылга кесилген. Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Жогорку сот мурдагы инстанциялардын 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырган.

Добавить комментарий