Ысык-Көл облусунда адам сатууга каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар өттү

Адам сатууга каршы иш-чарага 70тен ашуун адис катышты, деп билдирди Кыргызстандын ИИМ басма сөз кызматы.

Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин 17 кызматкеринин, ошондой эле Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Эмгек инспекциясынын, жарандык коом уюмдарынын, көз карандысыз эксперттердин өкүлдөрүнүн катышуусунда адам сатуу, айрыкча эмгек жана сексуалдык эксплуатация менен байланышкан кылмыштар боюнча жагдайлар ойнотулду, мында иш жүзүндө укук коргоо органдарынын, социалдык кызматтардын жана КЭУлардын өз ара аракеттенүүсү жана кызматташтыгы түзүлөт.

Маанилүү жыйынтыктардын бири – ички иштер органдары тарабынан бир нече кылмыш иштеринин козголушу жана социалдык кызматтардан жана КЭУдан адам сатуунун курмандыктарына аныкталган социалдык жардам.

Окутуу иш-чаралары Бүткүл дүйнөлүк адам сатууга каршы күрөшүү күнүнө карата «Адам сатууну бирге токтотолу» деген ураан астында өтүп жаткан 100 күндүк маалымат кампаниясынын компоненттеринин бири болуп саналат.

Добавить комментарий