Киев облусунун Мотыжин жана Ясногородка айылдарынын ортосунда, март айында орус аскерлери согуштан качууга аракет кылган карапайым эл менен машинелерди аткылаган.
37 адам жолдун жети чакырымдык бөлүгүндө набыт болгон, ал эми орус аскерлери аймакта болгон, деп жазат The Wall Street Journal украин полициясына таянуу менен.
Жолдордо алар күзгүгө ак боо тагылган жана чоң тамгалар менен жазылган «Балдар» деген жазуу менен талкаланган жарандык машиналарды табышкан. Ошондой эле аймакта октон жаракат алган адамдардын сөөгү жатат.
Журналисттер таң калтырган кадрларды көрсөтүштү – оккупанттардын мыкаачылыгынын далили. WSJ журналисттери унааларды каттоочулардын видеосун изилдеп, окуянын күбөлөрү менен сүйлөшүп, бул жолдун боюндагы аймакты изилдеп чыгышты.
Орустар жолду миномёттон аткылашты. Мындай окуялардын бири 3-мартта видеорегистраторго түшүп калган.
«Биз айылдан чыгаарыбыз менен Мотыжинден Ясногородкага чейинки өлүм жолу болду. Бул жөн эле үрөй учурарлык болду», – деди журналисттерге март айында айылдан чыгып кеткен Мотыжин айылынын тургуну Юрий Супруненко.
Мотыжин, Бучанский району елкенун батыш жагына баруучу негизги магистральдар менен уч жол аркылуу байланышат. Алардын экөөсүнүн айтымында, согуштан кийинки биринчи жумада Мотыжинс айылдан Е40 трассасын көздөй качууга аракет кылган.
«Көптөгөн карапайым адамдар ал жерде каза болду», – деп айтылат тергөөдө.
Айылдын башка тургундары түштүк-чыгыш тарапка, кошуна Ясногородка айылын көздөй үчүнчү жол менен кете башташты. Бирок ал жердеги жарандар да аткылоого дуушар болушкан: жолдун бул бөлүгүнөн жалпысынан 37 жарандын сөөгү табылган.
Журналисттердин божомолунда, аткылоону Мотыжиндин чыгышында жайгашкан орус аскерлери жасаган. Апрель айында басылманын кабарчылары ок-дарылардын сыныктарын табышкан, алар эксперттердин божомолунда минометтон атылган. Атышуу орус аскерлери тарабынан жасалганын журналисттер орус аскерлери жайгашкан делген жерден тапкан массалык мүрзө көрсөтүп турат. Анын жанынан басылманын журналисттери Бурятияда жайгашкан 37-мотоаткычтар бригадасынын шеврондорун табышкан – анын аткычтарынын бири марттын ортосунда Киевдин жанында каза болгон.
«Өлүктөр көк болуп, аткыланган унаалар болчу. Балдардын силуэттери көрүнүп турган. Менин балдарым муну көрүштү. Улуу кызым истерика болуп, азыр түнкүсүн уктабай жатат. Эстегим келбейт», – деди Мотыжиндин тургуну Юрий Супруненко.
Россиянын Вашингтондогу элчилиги бул маалымат боюнча The Wall Street Journalга комментарий берген жок.