WhatsApp массалык түрдө бузулуп жатат

Дүйнө жүзү боюнча WhatsApp мессенджеринин колдонуучулары анын ишиндеги бузулууну белгилешти. Көйгөйлөр Instagram социалдык тармагында да байкалган.

Downdetector сайтындагы билдирүүгө ылайык, WhatsApp кардарлары тиркемени жүктөөдө жана серверге туташууда кыйынчылыктар болуп жатканын айтышкан, деп жазат чет элдик ЖМКлар.

Мындан тышкары, Instagramдагы көйгөйлөр тууралуу көптөгөн билдирүүлөр бар. Колдонуучулардын 50 пайыздан ашыгы тиркемени ишке киргизе албайт. Facebook социалдык тармагынын сайты да иштебейт.

Кыргызстандык колдонуучулар азырынча WhatsAppка билдирүү жөнөтүүдөгү көйгөйлөр тууралуу гана билдиришүүдө. Facebook жана Instagram жарыяланган убакта адаттагыдай эле иштеп жатышат.

Добавить комментарий