Вирустарды жок кылууга жөндөмдүү кездеме иштелип чыккан

Бактерияларды жана вирустарды жок кыла турган антисептикалык кездеме жаратылды.

Ион алмаштыргычты (материалдын аты ушундай) иштеп чыгууну «Улуттун саламаттыгы» бейөкмөт уюмунун окумуштуулары жүргүзүшкөн.

Бул кездемени маска, медициналык комбинезон, фильтр тигүү үчүн колдонсо болору кабарланган. Кездемеге кирген COVID-19 вирусу дароо жок кылынат.

“Биз активдүү органикалык молекулаларды материалдын структурасына «кыйыштырабыз». Бул фрагменттер материалдын бетине жеткенде вирустарды жана бактерияларды иштен чыгарышат, башкача айтканда жок кылышат. Анын үстүнө, материалдын бетинен активдүү фрагменттердин өзү “бууланып кетпейт”, – деп билдирди ассоциациянын директору Максим Яковлев гезитке.

Кездеме өтө дем алуучу жана денеге ыңгайлуу. Роспотребнадзор коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу бар жумушчулар үчүн бир жолку жана көп жолу колдонулуучу кийимдерди чыгарууга сунуштады.

Добавить комментарий