Вице-премьер-министр Бишкек ТЭЦин газга өткөрүүнү сунуштоодо

Кыргызстандын вице-премьер-министри ЖКнын тийиштүү комитетинин жыйынында абанын булганышына байланыштуу маселени чечүү максатында Бишкек ТЭЦин газга өткөрүү сунушу менен чыгып сүйлөдү.

Равшанбек Сабиров бул чара 70-80% түтүн маселесин чечүүгө мүмкүндүк берет деди.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Тариэл Жоробеков сапатсыз көмүр дагы деле колдонулуп жатабы, андан кийин түтүндү кантип чечсе болот деп сурады.

Ага өкмөттүн өкүлдөрү Кара-Кече кениндеги көмүрдүн сапатын баалоочу лаборатория куруу, ошондой эле компаниянын лицензиясын текшерүү маселесин белгилешти.

Ошондой эле Кара-Кече көмүрү күл жагынан да, калориялуулугу жагынан да жакшы экендиги маалымдалды.

Добавить комментарий