Украинада кыргызстандык «Туран» аскер бөлүгүн түздү: УКМК кылмыш жоопкерчилигин эскертет


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2022/11/speech-80880-1669186364-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

 

Украинада кыргызстандык жаран Путиндин режимине каршы аскердик батальон түзгөн. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети башка өлкөнүн аймагында согуштук жаңжалдарга катышуу же аскердик түзүлүштөрдү түзүү жазага тартыларын эскертет.

УКМК социалдык тармактарда Кыргызстандын жаранынын Украинадагы согуштук аракеттерге катышканы тууралуу видеого комментарий берди, деп жазат 24.kg

Ведомствонун басма сөз борбору белгилегендей, Кыргызстандын жараны К.у.А. (Алмаза Кудабек уулу. – ред.), Украинада “Кадыровдун шайтан режимин, Путиндин императордук режимин жок кылабыз” деген ураандын алдында түрк элдеринин “Туран” батальону түзүлгөнүн айтат.

«Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул жарандын билдирүүсү Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келерин расмий билдирет. Эске салсак, Кыргызстан Орусия менен Украинанын ортосундагы окуяларда бейтараптуулукту карманат», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин УКМК кызматкерлери социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган аккаунтту аныктап, анын ээси кыргызстандык Алмаз Кудабек уулу экенин аныкташкан.

Ыкчам маалымат боюнча, ал 2021-жылдын декабрь айында эмгек мигранты катары Украинага кеткен. Учурда бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренеси «Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууларга же согуштук аракеттерге катышуусу же террористтик актыны жасоого даярдыгы» боюнча тергөө иштери башталды.

УКМК Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу чыр-чатактарга же аскердик аракеттерге катышуусу жалданмачылыктын же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде террористтик же экстремисттик кылмышты жасоо жөндөмүнө жана көндүмдөрүнө ээ болууга багытталган даярдыктан өтүү белгилери жок болгон учурда кылмыш катары жазалануучу жосун болуп саналарын жана 226-4-статьяга ылайык беш жылдан сегиз жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын, ал эми ошол эле жосун алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу жана уюшкан кылмыштуу топ тарабынан, 8 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

22-ноябрда украиналык маалымат каражаттары Украинада түрк элдеринин “Туран” батальону түзүлгөнүн жазып чыгышкан. Аны Алмаз Кудабек жетектеген.

Добавить комментарий