УКМК ишкерди мыйзамсыз текшерүү жөнүндө маалыматты четке кагууда

УКМК кызматкерлеринин катышуусунда ишканада мыйзамсыз текшерүү жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат бурмаланган түрүндө берилгендигин билдирди.

Эске салсак! Башкы прокуратура УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ишкердиктин субъекттерин коргоого багытталган мыйзамдардын жана президенттин жарлыктарынын талаптарын одоно бузуп, текшерүү жүргүзүү боюнча актыны прокуратурага каттабастан, иш-аракеттерине аудит жүргүзгөндүгүн билдирди. 

УКМКнын басма сөз борбору аталган ишканада кандай текшерүү, кандай негизде жана кандай максатта жүргүзүлгөндүгү тууралуу маалымат берди.

«ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы эл аралык келишимдин жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча «Нелегал-2021» регионалдык операциясынын планынын алкагында УКМКнын жана Жалал-Абад облусу боюнча ИИБдин кызматкерлери тарабынан ЖЧК «М.К.» ишкердик субъектинин ишмердүүлүгүн эмес, мыйзамсыз мигранттарды пайдалангандыгы тууралуу текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө ЖЧК коңшу мамлекеттерден келген мыйзамсыз мигранттардын кызматын тиешелүү документтери жок колдонуп жүргөндүгү аныкталды», – деп билдирди УКМКнын басма сөз борбору.

Анын айтымында, УКМКнын жана ИИБдин кызматкерлери тарабынан өз милдеттерин аткарып жаткан учурда, «М.К.» ЖЧКнын жетекчилиги тоскоолдук жаратып, ызы-чуу чыгарып, мигранттардын качып кетишине жол берген. УКМК бул окуя боюнча КР Башкы прокуратурасына токтоосуз маалымат берилгендигин баса белгилейт.

Буга чейин Башкы прокуратура билдиргендей, Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын жана УКМКнын облустагы башкармалыгынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүү жөнүндө актыны прокуратурага каттабастан мыйзамдардын талаптарын одоно бузуп, документтерди талап кылуу менен “М.К.” ЖЧКнын ишмердүүлүгүн текшерген.

Добавить комментарий