Турак жай кооперативи жана каржы пирамидасы: юрист айырмачылыктарды атады

Юрист Самарбек Болотбеков каржы пирамиданын схемасын турак-жай курулуш кооперативинен кантип айырмалоо керектигин айтып берди.

Юридикалык илим тармагынын адиси белгилегендей, шылуундар жылдан жылга татаалдашып, элди алдоо үчүн жаңы схемаларды ойлоп табышууда.

«Түшүнүү керек, алдамчылык жүздөгөн жылдар мурун да кеңири жайылган, бирок жыл сайын шылуундар татаалдашып, турак жай кооперативдериндегидей иш-аракеттери өзгөрүлүп жатат», — дейт юрист.

Ал турак жай-курулуш кооперативи менен финансы пирамидасынын негизги айырмачылыктарын санап өттү.

«Турак жай кооперативине кирүүнү каалаган жаранга компаниянын иши жана анын финансылык абалы жөнүндө толук маалымат берүүгө, кооперативдин уставы, кирүү жана үлүштүк төлөмдөр жөнүндө чечимдер, резервдик фонд менен тааныштырууга тийиш. Пирамида лидерлери көбүнчө мындай маалыматты бербейт. Экинчиден, чыныгы турак жай кооперативи эч качан турак жай алуу убактысына кепилдик бербейт. Кооперативдин мүчөсү баштапкы төлөмдү төлөп, калган суммасын туура төлөп берсе дагы, ал батирди биринчи кезекте алат жана бул бир жылга созулбашы мүмкүн. Үчүнчүдөн, чыныгы турак жай кооперативи эч качан автоунаа, чет өлкөдө эс алууга жолдомолорду же тиричилик техникаларын сатып алууга насыя бербейт. Ошон үчүн бул турак-жай, бир гана турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн, башка эч нерсе үчүн эмес», – деп эскертти юрист.

Болотбеков кошумчалагандай, тажрыйбалуу юрист да чыныгы турак жай кооперативин каржы пирамидасынан айырмалай албайт, ошондуктан мындай компанияга кирерден мурун бардык документтерди жакшы изилдеп, оң жана терс жактарын таразалап, ушундай жол менен турак жай сатып алган бир нече адистер жана адамдар менен сөзсүз кеңешүү керек.

Добавить комментарий